• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

МСК: Бүгүн салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

31 Жалган куран 2022 10:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-мартта, бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салык органдары декларацияны түнкү саат 12:00гө чейин кабыл алышат.

Жеке адамдар декларацияны кагаз жүзүндө же электрондук түрдө, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке ишкерлер электрондук түрдө гана тапшыра алышат.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,

– жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер,

– салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери,

– юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.

Количество просмотров: 84