• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Транспорт, турак жай жана жерге салык төлөбөгөндөр боюнча рейд башталат

26 Баш оона 2022 17:17 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында транспорт каражатына, турак жайга жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштайт.

Ведомстводон билдиргендей, мыйзамга ылайык, белгиленген мөөнөттө салык төлөөгө үлгүрбөй калган транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогунун ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары административдик айып төлөөгө, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

– транспорт каражатына салык;

– турак жай имаратына (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган, үй, батир) салык;

– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

«Салык төлөгөнгө чейин маалыматтык эсепти электрондук түрдө Salyk.kg “жеке кабинети” аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшыруу зарыл. Calculator.salyk.kg сайты аркылуу салыктын суммасын өз алдынча эсептөөгө мүмкүн. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган», — деп айтылат маалыматта.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg. сайтынан алууга болот.

Теги:
Количество просмотров: 573