• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Муңайым көздөр… Улукбек Кочкоров Жалалабат шаарындагы балдар үйүндө болду (Видео)

24 Теке 201910:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.07.2019. Govori.TV

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына Жалалабат шаарындагы балдар үйүнө болгон сапары туурасында видеону жайгаштырды.

Анда министр мырза ал жердеги балдардын тагдыры менен жуурушкан сүрөттөмөнү кошо жазды.

Анда мындай деп жазылган: Бир караган кишиге короодо топурашып ойноп жатышкан балдар бир үй-бүлөнүн балдарындай сезилет. Бирок, ар кимиси ар кандай себеп менен ата-эне мээриминен ажырап, ушул тагдырга туш болушкан. Эч нерседен бейкапар жүргөндөй көрүнүшкөнү менен, ар бир баланын карегинде ата-эненин мээримине суусагандык, ата-энеге болгон кусалык жашай турганы көрүнүп турат. 
Жараткандын жазмышы менен ата-энеси жарыкчылыктан өтүп кетсе айла жок, ал эми өз канынан жаралган балдардан баш тарткан аталарга, энелерге эмне деп айтаарыңды билбейсин. Керек болсо бул наристелердин арасында ошол баланы жарык дүйнөгө жаратканын билбей жүргөн аталар бар. А бирок, тирүүлөй жетим калган балдар акыл-эс киргенден тарта “ата-энем ким экен” деп, өмүр бою издээри бышык. Ата-эненин жоопкерсиздигинен, мээримсиздигинен ушул тагдырга туш болушса да, ата-энелерине чаң жугузбай, аларга жаман сөздү ыраа көрүшпөйт. Дайыма жакшы көрүп ырдаган ырлары да ата-эне жөнүндө.
Ар бир баланы жарык дүйнөгө жараткандан кийин, анын келечегине, тагдырына жооптуу экенибизди дайыма көкүрөгүбүзгө түйүп, ар бир кадамыбызга жоопкерчилик менен мамиле кылсак. Мамлекет кароосуз калган балдарды камкордугуна алганы менен , аларга ата-эне берген мээримди, жылуулукту тартуулай албайт экен да.
Балдар үйүнө барган сайын жүрөктү өйүгөн ойлорго туш болуп, көп суроолорго жооп таба албай көңүлсүз кайтам.

https://www.facebook.com/ukochkorov/videos/653487718494293/UzpfSTEwMDAwMzU3MDUyNjQ0OToyMTAzNjIwNzQzMTAwMjU2/?__tn__=lC-R1.g&eid=ARDdMjGKSwovp5LsZ9C5BBiyI1-BXyq13HSpunX9xlGYGlHRLEhp-vDV28oSnEwXrKlXDmKE_llV8rWl&hc_ref=ARSQ1p0WdfBZq8eDAZrks41-5NvLluLnf-qV6dI2LcOTG1Jddv3j0YpP7bgWUBa3GSg&__xts__[0]=68.ARCmStQUOjAj0dztHDf_BCD7Ziv1OEC3wxQsktnRFLh7p2dr6tDuy2wcOEtKNfkX2T3b1dR_qh3Vy6UxWTpicYU6RASP0I-fVgUqVX-hzUfB5D4-bKExp0iPwRbJ_GSmINyTKsFahCNEboPRAKC7dfXIjs3qrOzgynJ2jvRKcbQetQ3xjjWk4sIkHEuG4L3Ff5VkzZS33pAQmHDpIPK8EpOG82tmkooTH5em2cL7EPcnxHAJf-4sD3kXmhCw-8k4ErygH02wGRIS029AAyIP-vQpH5QhDdv4g0Nc-DTZAOwk8tVDkGXTCb9VXvTToaxsuc_1EgyqMyklnhQ
Количество просмотров: 36