• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Муфтий Максат ажы Токтомушев Меккеге барды

4 Баш оона 2019 16:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.08.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын Азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү менен жолугушуп, иштин жүрүшү боюнча жеринде таанышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

«Ажыларга коопсуздук, санитардык маселелер тууралуу, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү эрежелерин жакшылап түшүндүрүү керек. Ошондой эле аларга жолдо жүрүү эрежелерин, Мина өрөөнүндө өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп туруу зарыл», — деди Токтомушев.

Эске салсак, кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 16-июлдан 17-июлга караган түнү Бишкек — Медина боюнча учуп кеткен.

Количество просмотров: 23