Муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев кызматтан кетип, ордуна Самидин Атабаев дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка муфтий Замир Ракиев кол койгон.
Атабаев Самидин Абдураимович — 1973-жылдын 27-декабрында Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөн.
1991-1995-жылдарда Бишкектеги Азрети Умар атындагы Кыргызстан
Ислам институтун бүтүргөн. 2002-2006-жылдары Россия Ислам университетин ийгилүктүү
аяктаган.
2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун бүтүрүп, “Юриспруденция” адистигине ээ болгон. 1995-1996-жылдары аскердик кызматын өтөгөн.
Эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы «Абдираим кары»
медресесинде окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалоодон баштаган.
2008-2010-жылдары Өзгөн районундагы «Имам Аль-Бухарий»
Ислам институтунун окуу иштери боюнча проректор.
2010 -2015-жылдары Өзгөн районунун баш имам хатиби.
2015-жылдын 28-августунда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин
Башкармасынын түзүмүндөгү бош ваканттык орундарга конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин №265 буйругу менен Ош облусунун казысы болуп дайындалган.