• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Муфтийликке талапкерлердин тизмеси

18 Жалган куран 2021 9:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтий кызматына сегиз талапкер ат салышат. Мындай маалымат Аалымдар кеңешинин Facebook баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна 8 талапкер ат салышса, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды. Документтер иликтөөдөн өткөндөн кийин 29-30-31-март, 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрмөкчү.

Кыргызстандын муфтийи болууга документ тапшырган талапкерлердин тизмеси:

  • Нурбек Токтогулов
  • Сайдамир Джейналиев
  • Султанали Гапуров
  • Убайдулла Сарыбаев
  • Шүкүр Исмаилов
  • Шакир Маматов
  • Нематилла Жээнбеков
  • Ниязали Арипов.

Эске салсак 17-февраль күнү Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы кызмат ордуна конкурс жарыяланган.

Количество просмотров: 523