• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Муфтият аймактардагы дин кызматкерлерин окута башталды

26 Тогуздун айы 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен аймактардагы дин кызматкерлерин окутуу башталды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имамдардын квалификациялык билимин жогорулатууга багытталган бул курста Куран, тавжид, акыйда, фикх, хадис, хадис усулу жана башкалар боюнча тереңдетилген билим берилүүдө.

Сабактын биринчи күнүн муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев өзү өтүп, имамдарды илим алууга кызыктырды.

Айта кетсек, аталган окутууга ар бир казыяттан имамдар келген жана окутуу пландуу түрдө окутулат.

Количество просмотров: 83