Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Бишкек шаарынын Свердлов районунун башкы имам хатиби Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу териштирүү жүргүзүп, аны үч критерий менен караган. Жыйынтыгында муфтият Доолов шариятты бузган эмес, саясатка аралашпаган жана жеке кадыр-баркка шек келтирген жок деп табылган.
«Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы социалдык тармакта талкуу болуп жаткан Садыбакас ажы Дооловдун видеосун 3 критерий менен карап чыгып, шариятты бузбагандыгын, саясатка аралашпагандыгын жана жеке бир адамдын абройуна жана кадыр-баркына шек келтирбегендигин аныктады.
Учурда Садыбакас ажы Доолов менен баарлашуу иштери жүргүзүлүп, элге айта турган сөздүн мааниси толук жетпей калгандыгы айтылды», — деп айтылат билдирүүдө.
6-июлда соцтармакта диний ишмер Садыбакас Дооловдун видеосу жарыяланып, анда имамдын ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу кеп кылып «аялдын эти арзандаганы себептүү, базардагы койдун эти кымбаттады» деп айткан.