Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы «Маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө» фатва чыгарды.
Фатвада «Курандан», хадистен бир катар мисалдар келтирилип, сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асылып, тамак берилбеси эскертилет. Ошондой эле жакынын жоготуп, аза күткөн адамдын малын союп, аларга тамак жасатуу шариятта макүрөө болору белгиленет. Андан тышкары маркумдун артында балакатка жете элек балдары калган болсо, мындай учурда жаназага келгендерге тамак берүү арам болуп калары айтылат.
Буларды бир баштан баяндоо менен муфтият төмөнкүдөй чечим чыгарган:
Булардан тышкары маалыматта маркумга сооп алып берүү тамак-аш менен гана чектелбесин, коомчулукка пайдасы тие турган мечит-медресе, мектеп же оорукана сыяктуу мекемелерге керектүү жабдууларды алып берип койсо, сообу андан да көбүрөөк болору кошумчаланган.
Аза бүткөндөн кийин карыз албастан, ашыкча ысырап кылбастан, экономикалык абалына жараша каалаган күнү маркумга багыштап тамак берип койсо болот. Ал тамак-аштын жакырларга, жетим-жесирлерге берилгени көбүрөөк соопко эгедер кылат.