• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Муфтият бозо ичкенге тыюу салдыбы?

3 Бирдин айы 2020 19:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы мусулмандардын дин башкармалыгы бозо боюнча чечим кабыл алган жок. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Уламалар кеңешинин улуттук суусундуктар боюнча фатвасы жок.

«Бизде мындай фатва жок. Анткен менен диний аалымдар бозо ичүүдөн алыс болууга чакырышат», — деп билдирет муфтият.

Белгилей кетсек, буга чейин Уламалар кеңиши коомдо ар кандай пикир жараткан сетевой маркетинг, пластикалык операция жана эмдөө боюнча фатва кабыл алган. Мындан улам айрым маалымат булактарында муфтият бозого байланыштуу фатва кабыл алды анда бозо ичкенге тыюу салынат деген маалыматтар жарыяланып, интернет булактарында кызуу талкуу жаралган.

Количество просмотров: 196