• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташкент мечиттерди спирт менен тазалоого уруксат берген фатваны жарыялады

23 Чын куран 2020 16:57 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы расмий сайтына коронавирус боюнча Египеттеги аль-Азхар ислам университетинин эл аралык электрондук борборунун фатваларын жарыялады.

Фатвалардын биринде коронавирустан өлгөн кишилер азап тарткандар катары эсептелери айтылган. Мындан тышкары “адамды мас кылбаган алкоголь” адал экени жана аны менен мечиттерди дезинфекцияласа боло турганы белгиленген.

Башка бир фатвада ачка болуу иммунитетти алсыратып, коронавирус жуктуруу тобокелчилигине алып келери илимий түрдө аныкталса, анда Орозо кармабай койсо боло турганы айтылган.

Буга чейин Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгы жамааттык ооз ачарларга тыюу салып, таравих намазын үйдө окуу керектигин билдирген. Өзбекстандыктар ифтар өткөрө турган каражатты кайрымдуулукка жумшашса болот.

Ушундай эле чектөөлөр Кыргызстан жана Казакстан мечиттеринде да киргизилген. 24-апрелге караган түнү мусулмандар үчүн ыйык эсептелген Рамазан айы башталат.

Количество просмотров: 70