Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия сунуштаган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору тууралуу билдирүү таратты.
Билдирүүгө ылайык, долбоорду диний аалымдар жана юристтер менен талкуулап жатышканын, андан тышкары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинде да комиссия түзүп укук талаасында иш жүрүп жатат.
«Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам долбоору бүгүнкү күндө коомчулукта талкууланып жаткан мезгили. Диний башкармалык долбоорду дасыккан диний аалымдар жана юристтер менен бирге талкуулап жатат. Бул жаатта Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан да комиссия түзүлүп, укук талаасында иш алып барууда. Мыйзам долбоорун толук окубай хижабга, дааватка тыюу салынат тура деп бүтүм чыгарып, интернет желелеринде негатив пикирлерди калтырышууда. Мыйзам долбоорунун табиятында хижабга, тагыраагы жоолуккка каршы эч кандай пункт жок. Буга чейин аялзаты коомдук жайларда кандай хижапчан же жоолукчан жүргөн болсо, мындан кийин да ошондой жүрө алышат. Анткени бул биздин өлкөбүздөгү аялзатынын Конституциялык укугу. Демек аталган долбоордо мектеп, оорукана өңдүү коомдук жайларда жоолукка тыюу салынбайт деп айтууга негиз бар. Албетте, сөз болуп жаткан долбоорго даанышмандык менен мамиле кылганыбыз жакшы», — деп жазылат билдирүүдө.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Долбоор 30-августта коомдук талкууга коюлду.
Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Ошондой эле диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да тыюу салуу сунушталууда.