• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мугалим менен окуучунун чыры боюнча милиция маалымат берди

24 Үчтүн айы 2022 17:55 Бишкек Govori.TV

Чүйдөгү мектептердин биринде мугалим менен окуучунун ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 102 номери аркылуу орто мектептердин биринде бейбаштык фактысы болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Териштирүү учурунда бир нече окуучунун ата-энелери мугалимдин балдарга кол көтөрүүсү боюнча териштирүү жүргүзүү керектигин айтышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, видеодогу окуучу мугалимдин дарегине карата орой сөздөрдү айткандыгы маалым болгон.

Аталган факты Аламүдүн РИИБине катталып, кылдат териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн окуучулар тарабынан тартылган видео материал ишке тиркелген.

Учурда ар тараптуу текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 998