• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Мугалим менен окуучунун ортосунда чыр чыгып, 7-класстын окуучусу ооруканага түштү

13 Бештин айы 201810:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.12.2018.Govori.TV

 

Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну Мээрим Кемелбекова кызы мугалим тарабынан сабалганын айтып, милицияга арыз менен кайрылган.  Анын арыз жазуусуна 7-класста окуган кызы менен англис тили мугалиминин ортосунда чыккан конфликт себеп болгон.

Бул тууралуу Говори.ТВ мультимедиалык маалымат агенттигине Талас облусунун басма сөз кызматынын ага-инспектору Динара Сарногоева кабарлады.  Ал бул иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө  жана териштирүү иштери жүрүп жатканын жана окуучу ооруканада дарыланып, абалы туруктуу экенин кошумчалады.

Ал эми жабырлануучу окуучунун апасы Мээрим Кемелбекова Turmush басылмасына окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат берген.

«5 окуучуну доскага чыгарыптыр. Кызым гимн айтып жатып такалып калса эмне үчүн «такалып жатасың, жалжаңдабай жаттабайсыңбы» деген сыктуу сөздөрдү айтыптыр. Кызым башка окуучулар деле жаттабай келгенин айтса, мугалим «сен аларга эмес, өзүңө жооп бер, чыгып кет эшикке» дептир. Кызым эшикке чыкпай, арткы партага отуруп алыптыр. Кызымды класстагы балдардын көзүнчө жулмалап, айтпаганды айтыптыр. Кызымдын ичиндеги кийими көрүнүп, ал жабайын десе колу мугалимдин бетине тийип кетиптир. Мугалим кызымды башка-көзгө чапкылап, жулмалаптыр. Өзү 1-кабатка чуркап барып, башка мугалимдерди чакырып келиптир. Кызымды баарылап урушушкан экен. Кызымды «бир туугандарыңды окуудан чыгарабыз, эч кимди калтырбайбыз» деп коркутушкан», — деп билдирген.
    Бул иш боюнча учурда тергөө жана текшерүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.
 

Количество просмотров: 30