• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мугалим окуучуларды ийне менен сайгылаган. Министрлик үн катты

4 Жетинин айы 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын колуна ийне сайган мугалимдин окуясы боюнча маалымат таратты.

Маалыматка караганда, Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылындагы Ч. Айтматов атындагы №40 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Г.А. тапшырма аткарбагандыгы үчүн 5-класстын окуучуларынын колуна ийне сайган. Бул окуя 2023-жылдын 24-октябрында болгон.

«Учурда бул боюнча Ички иштер министрлигине билдирилип, териштирүү иштери башталгандыгын кабарлайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мугалим окуучусуна 17 ирет ийне сайгандыгы боюнча маалымат социалдык тармактарга жарыяланган.

Количество просмотров: 653