Соңку жумада Өкмөттүн социалдык блокту башкарган орун басары Эдиль Байсалов билим берүү тармагындагы абал тууралуу кескин пикир айтты. Анын сөзү коомдо чоң резонанс жаратты.
Байсаловдун айтымында, азыркы кыргыз мектебинде бир катар “мугалимдер” билим берүүдө талапка жооп бербей жатат.
«Кыргызстанда 15–20% натыйжасыз мугалимдер бар, аларды жумуштан бошотуп, алардын ордуна жөн гана “көчөдөгү адамдарды”, мисалы журналист адистерин чакырабыз, айлык 50–60 миң сомго келишет», — деп айтты.
Анын пикиринде, көйгөөнүн маанилүү себеби инфраструктура эмес, кадрдардын сапаты: «Сиз — мугалим, ал — окуучу. Сиздердин ортодогу иш мага гана кызык. Сиздер эмнени окутуп жатасыздар?», — деген.
Албетте, мындай билдирүүлөргө каршы пикирин билдиргендер дагы жок эмес. Айрым мугалимдер жогорку кызматтагы аткаминердин мындай мазмундагы эмоционалдуу баамы алардын кадыр-баркына доо кетиргенин белгилеп, андан кечирим суроону талап кылышууда.
Мисалы, бир мугалим — Адиль Какенов — Байсаловду өзүн да айыл мектебине барып 9 ай иштеп көрүүгө чакырды. «Ысык-Көлдгө келиңиз. Кайсыл тармакка кызыгасыз? Англис тили, физика же орус тилиби? Ошол тармак боюнча мугалимдер эки жума окуталы. Андан кийин алыскы аймактарга барып тогуз ай иштеңиз. Андан соң сиз берген сабактан окуучулар кандай жыйынтыкка жетти көрөлү. Эгер жакшы жыйынтыкка жетсе, ушул системаны киргизели. А бирок сиз андай кыла албайсыз. Ошондуктан Кыргызстандын мугалимдеринен кечирим сурашыңызды жалпы агартуучулар талап кылабыз»,- деди ал», — деди ал.
Бүгүнкү эфирде педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомамбетов билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө маани берилет.