• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мугалимдер Сингапур платформасын үйрөнүшүүдө

20 Баш оона 202416:31 Бишкек Govori.TV

Ушул күндөрдө 19-23-август аралыгында окуучуларды PISAга даярдоо үчүн Сингапурдун “Cerebry” платформасын колдонуу боюнча мугалимдерге тренинг өткөрүлүп жатат. Тренингге Кыргызстандын аймактарынан жалпы 112 мугалим катышууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Окутуунун жүрүшүндө Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Кыргызстандын PISAга катышуусунун маанилүүлүгүн жана эл аралык изилдөөгө ийгиликтүү катышуу үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле PISAнын алкагында көйгөйлүү маселелер жана окуучулардын жыйынтыктарын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында Билим берүү жана илим министрлиги Сингапурдагы билим берүүдөгү алдыңкы провайдери болгон Marshall Cavendish Education Pte Ltd менен Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүү максатында жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койгон.

Количество просмотров: 180