• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мугалимдердин айлыгы азаябы? Министрлик маалымат таратты

6 Аяк оона 2022 16:47 Бишкек Govori.TV

Сентябрь айынан тартып, мугалимдердин тарифтик ставкасы азайтылат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, педагогикалык персоналдын эмгек акысы 80%, административдик-башкаруучу персоналдын эмгек акысы 50%, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы 80%га жогорулатылган.

«Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгегине акы төлөө шарттары ставкага (оклад) өткөрүлдү. Ошондой эле тарифтик ставканы (оклад) эсептөө үчүн негиз болуп саналган эң төмөнкү базалык ставка белгиленди. Тарифтик ставка (оклад) эң төмөнкү базалык ставканын өлчөмү окладга жана ставкаларга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет. Ушул жылдын 1-сентябрынан баштап мугалимдердин эмгек акысын эсептөө азыркы жарлыкка ылайык сакталат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 703