• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт

23 Баш оона 201912:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.08.2019. Govori.TV

Ысык-Көлдө өтүп жаткан август кеңешмесинин жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сөз сүйлөп жатып, айлыктын көтөрүлүшү билим берүү тармагында эмгектенген 5-6 категориядагы 120 миңге жакын адиске тиешелүү болоорун билдирди.

Ал кошумчалагандай, айлык ушул жылдын 1-октябрынан баштап көтөрүлөт деп пландалууда.

«12 миң айлык алган мугалимдердин айлыгы эми 18 миңди түзөт. Биз татыктуу келечек ээлерин тарбиялоо үчүн мугалимдерге болгон шарттарды түзүшүбүз керек. Ошондуктан бул аракет акыркы эмес. Алдыда дагы эл агартуучулар үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз», — деп билдирди Абылгазиев.

Ошондой эле учурда Кыргызстан боюнча 157 социалдык объект курулуп жатканын өкмөт башчы белгилеп, анын 117си билим берүү мекемелери экенин кошумчалады.

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында мугалимдердин август конференциясы өтүп жатат.

Количество просмотров: 39