• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мугалимдерге 24 миң ноутбук берилет

26 Баш оона 202416:36 Бишкек Govori.TV

Быйылкы окуу жылынан тарта Кыргызстандагы мугалимдерге 24 миң даана ноутбук акысыз берилет. Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев ушундай маалыматты билдирди.

Касымалиевдин маалыматына ылайык, ноутбуктар табигый илимдер боюнча сабак берген мугалимдерге берилет.

Өлкө боюнча 90 миңге жакын мугалимди алдыдагы окуу жылдар аралыгында ноутбук менен камсыз кылуу пландалган.

Андан тышкары, өлкөдөгү 1,5 миллион окуучуга электрондук китептерди жана ноутбуктарды берүү каралып жаткандыгы маалымат жыйынында айтылды.

Количество просмотров: 153