Кыргызстанда мектептерде STEM предметтеринен (математика, физика, химия, биология, информатика) сабак берген мугалимдерге “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктар тапшырыла баштады. Алгачкылардан болуп, Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, Каракол шаарынын мугалимдерине 192 ноутбук берилди.
Ноутбуктардын кийинки партиялары жыл ичинде министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнө да белгиленген тартипте өткөрүлүп берилери белгиленген.
Буга чейин министр Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерге алгачкы ноутбуктар 15-январдан тартып бериле баштарын белгилеген.