• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Мугалимдин сөзүн укпай, шылдыңдап жаткан окуучулардын видеосу талкууда

17 Бирдин айы 2022 12:03 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармакта окуучулардын мугалиминин айткандарына кулак салбай, тескерисинче каткырып күлүп, шылдыңдап жаткан учур тартылган видео тарап, талкууга алынды.

Видео кайсы мектепте жана качан тартылганы белгисиз.

Тараган видеодон мугалимдин «жалпы ата-энелердин чогулушун кылам, уктуңбу» деп айтып жатканын жана анын бул сөзүнө карата окуучулардын каткырып-күлүп жатышканын көрүүгө болот.

Эске салсак, январь айында Лебединовка айылындагы мугалим менен окуучунун ортосунда пикир келишпестик болуп, анын видеосу тараган. Окуядан кийин мугалим өз арызы менен иштен кеткен. Бирок, бул маселенин тегерегинде бир топ талкуулар жүргөн. Айрымдар окуучунун да күнөөсү бар дешип, тартияга үйрөтүү керек деген пикирлерин айтышкан.

Количество просмотров: 1191