• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Мугалимдин спирт ичимдиги жыттанып келгени уят». Бүтүрүүчү ачуу чындыкты айтты

16 Кулжа 202222:44 Бишкек Govori.TV

Акыркы коңгуроо аземинде бүтүрүүчү өзү окуган мектеби жана мугалимдери тууралуу пикирин ачык айткан видео социалдык тармактарга тарады.

Анын айтымында, билим берүү системасы 10 жыл мурун кандай болсо, азыр деле өзгөргөн эмес.

«Мага ушул мектептин системасы жаккан эмес. Айла жоктон гана окуп жүргөм. Башка вариант жок болчу. Бардык мектептерди айта албайм. Биздин мектепте англис тили сабагы окутулганы менен жыйынтык нөл же бир пайыз. Мындан сырткары дене тарбия мугалиминен сабак учурунда спирт ичимдиги жыттанып келгени уят. Ал эми танапис учурунда окуучулардын көзүнчө тамеки чегип турган мугалимдер окуучуларга «тамеки чекпегиле» деп айтууга моралдык укугуңар жок», — деп билдирди бүтүрүүчү.

Количество просмотров: 138