• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарында ШКУ банкын ачууну сунуштады

12 Тогуздун айы 201816:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.10.2018. Govori.TV
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Тажикстанда өткөн саммити жыйынтыкталды. Анын соңунда онго жакын документке кол коюлуп, кийинки жылы саммитке төрагалык кылуу Өзбекстанга өткөрүлдү.
Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев ШКУ алкагындагы кызматташууну өнүктүрүү, каржылоонун механизмдерин түзүү максатында Бишкек шаарында ШКУ банкын ачууну сунуштады. Ошондой эле, соода-экономикалык алаканы өнүктүрүү багытында 2025-жылга чейинки коюлган пландардын ишке ашырылуусун белгиледи.
Количество просмотров: 59