• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мухаммедкалый Абылгазиев: Көмүскө экономика менен күрөш күчөтүлүшү керек

23 Бугу 2019 11:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.

Көмүскө экономика менен күрөш күчөтүлүшү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын январь-мартына карата өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары каралган кезектеги жыйынында билдирди.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов баяндама жасады.

«ИДПнын реалдуу өсүшү Кумтөр кен ишканаларын кошпогондо 1,4% көбөйүп, 105,3% түзгөн. ИДП өсүүсүнө негизги салымды 15,7% реалдуу өсүш темпи менен өнөр жай тармагы кошкон, бул негизинен Кумтөр кенинде металлдарды иштеп чыгуунун эсебинен ишке ашкан. 2019-жылдын январь-мартында мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 33,1 млрд сомду же белгиленген пландан 102,9% түзгөн», – деп белгиледи ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көмүскө экономика менен күрөштүн так жана натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

«Биздин мамлекеттин чек арасын эсепсиз кесип өткөн продукциялар менен күрөштү күчөтүү керек. Товарларды мындай ташуу атамекендик экономикага зыян алып келет жана салыктык түшүүлөрдүн көбөйүүсүн шарттабайт. Көмүскө экономика менен күрөшүү күчөтүлүшү зарыл. Такталбаган товарды ташууну токтотпостон жана салык төлөмдөрүн башкарууну жакшыртпастан биз бюджеттик тармактын жумушчуларынын эмгек акысын жогорулатуу боюнча өзүбүздүн социалдык милдеттерибизди аткара албайбыз», – деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, эки ай мурда мунайзат продуктуларын темир жол аркылуу гана ташуу зарылдыгы тууралуу күчүүчү-майлоочу май ташуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырган.

«Бул маселеде көрүнүктүү жылыш жок. 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин көмүскө экономика менен күрөшүнө жекече баа берилмекчи. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн көңүлүн ишкерлер менен кыйла тыгыз иштешүүгө бургум келет. Буга чейин бизнести текшерүүгө 2 жылга мораторий киргизүү чечими кабыл алынган. Бирок жер-жерлерден ар кыл күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери баштагыдай эле текшерүүлөрдү жүргүзүүгө аракеттенишип, бул аркылуу бизнестин ишине жана өнүгүүсүнө тоскоолдуктар болуп жатканы тууралуу көптөгөн белгилер бар. Сиздердин ишиңиздерди биз 2019-жылдын биринчи жарымы боюнча комплекстүү баалайбыз», – деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишине өзгөчө көңүл буруп, картошка окуясы кайрадан кайталанбашы үчүн дыйкандар менен кыйла тыгыз иштөө зарылдыгын баса көрсөттү.


Количество просмотров: 3