• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Мукамбетов Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду

21 Бугу 201911:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.

Мурат Мукамбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

«Бул кадрдык чечим «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш  операторун түзүүнүн, Ачык Өкмөт Улуттук форумунун Катчылыгынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды»,- деп айтылат маалыматта.

«Мегаком» уюлдук компаниясынын жетекчиси Акылбек Жаманкулов «КТ Мобайл» мекемесинин ишмердүүлүгун иликтеген депутаттык комиссиянын жыйындын жүрүшүндө, Иманкадыр Рысалиев Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарынын иш бөлмөсүндө жыйын өткөргөнүн айткан.

Количество просмотров: 16