• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мукаш Абдраев атындагы мектеп-интернатынын окуучулары чычкан аралаган жерден билим алышуудабы?

16 Кулжа 2022 18:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Мукаш Абдраев атындагы мектеп-интернатынын абалы тууралуу тасма тарап, коомчулукта талкуу жараткан.


Мындан улам кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаев, аталган мектептин турпатынын начар абалынан сырткары, билим берүү деңгээли да төмөндөп кеткенин айтып берди.


Мындай маселеден кийин биздин чыгармачылык топ, музыкалык мектептин абалы менен таанышууга барды. Тасмадан көрүнүп тургандай, чынында эле окуу жайдын абалы жакшы деп айтууга мүмкүн эмес.

Бул маселе тууралуу окуу жайдын жетекчисине кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

Мындан сырткары аталган мектепке жетиштүү деңгээлде шарт түзүлбөй жаткандыгына окутуучулар дагы нааразы. Алардын айтымында класстык бөлмөлөрүн өз чөнтөгүнөн алы жетишенче кооздоп келишет.


Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай бар. Аталган окуу жайдын жетекчилиги алмашат деген маалыматтан улам, эмгек жамааты өз ара кеңешип, арасынан башчы боло турчу талапкерди көрсөтүшкөн. Мындан улам учурдагы жетекчилик тарабынан арыз түштү деп УКМКга чакыртылганын айтышат мугалимдер.


Жогоруда болгон жагдайлар тууралуу маданият министрлигине кайрылып, министрдин жыйында болгонуна байланыштуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Количество просмотров: 285