• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Мунарбек Сейитбек уулу АКШ мушкери Жамал Харвини жеңди

4 Баш оона 20240:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз боксунун Олимпиададагы жалгыз өкүлү Мунарбек 22 жаштагы күчтүү делген АКШ мушкери Жамал Харвини жеңип, жарым финалда чыкты.

Тагыраагы, Мунарбек Париж Олимпиадасында экинчи ирет атаандашын утту.

Ар бири 3 мүнөттөн үч раунддун жыйынтыгында калыстар экиге бөлүнгөн чечим менен жеңишти Мунарбек уулуна беришти.

Кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чейин жетип, медалды (жок дегенде коло) камсыздады. Буюрса, коло медал куржунда.

Анын жарым финалдагы атаандашы азырынча аныктала элек. Шудай Харада (Япония) — Хавьер Ибанес Диас (Куба) жупунун жеңүүчүсү болмокчу.

Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын беш жолку чемпиону, студенттер аралык дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган, Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Азия чемпионатында коло медаль уткан.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иванды жеңип, чейрек финалга чыккан.

Количество просмотров: 425