Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңген Мунарбек Сейитбек уулу жеңиши боюнча комментарий берди.
«Тарых жараттым деп өтө сүйүнгөн жокмун. Ийгиликке жетишиме Кудайга шүгүр. Ата-энеме, жакындарыма, бизге ишенип жөнөткөн президентке рахмат»,- деди мушкер.
Бүгүн, 13-августта XXXIII жайкы Олимпиадага катышкан спортчулар Кыргызстанга кайтып келди. Аларды расмий тосуп алуу салтанаты Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтүп жатат. Олимпиадага жалпы 16 спортчу катышкан. Алардын баарына президенттин атынан акчалай сыйлык жана унаа белекке бериле турганы айтылды.