• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу кайрылуу жасады

5 Баш оона 202413:30 Бишкек Govori.TV

Учурда Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында катышып жаткан кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу Беганас Султанбаев соцтармактагы айтылып жаткан кеперге жооп берди. Анын кайрылуусу социалдык тармактарда тарап жатат.

Ал өз кайрылуусунда көп жылдардан бери көптөгөн чемпиондорду таптап өстүргөнүн, жана келечекте да ошол ишин уланта берерин жазган.

Ошондой эле машыктыруучу аны колдоого алгандарга ыраазычылык билдирген.

«Кечээ күндөн бери менин окуучум Сейитбек уулу Мунарбектин бокс боюнча Олимпиаданын жарым финалына чыгышына кубанган видео аябай таркап кетип, мен ушул күндү 20 жылдан бери арзуу кылып келе жаткан күнүм орундалып жатат деп сүйүнгөнүмдөн ошондой эмоция менен сүйүнүчтүн көз жашы менен коштолгон видео болуп калды. Менин ичимде болгон кубанычымды сиздер тең бөлүшкөнүңөр үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Эми мени Парижге барсын деп жатасыздар. Мен да баргым келди, бирок Парижге жөн эле билет алып бара албайт экенсиң. Виза алуу маселесинде жок дегенде бир жума убакыт кетет экен. Билесиздер бир жумадан кийин Париж Олимпиадасы да бүтүп калат.

Биз мурдагы жылы Ташкентте болуп өткөн Дүйнө чемпиондугунда бокс боюнча Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан бери тарыхта биринчи жолу 5 таймашуу өткөрүп, коло медаль утуп алганыбызда бизди кубандырып мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров, ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев биздин жеңишибизди куттукташып, окуучум Сейитбек уулу Мунарбекке Ош шаарынан эки бөлмөлүү батирди белеке беришип, мага да сыйлыктарын беришип, бизге аябай чоң дем берген.

Ошол үчүн Садыр Жапаровко жана Камчыбек Ташиевге терең ыраазычылыгымды билдирем жана рахматымды айтам. Албетте, мындай чоң иш-чараларга ар бир спортчунун жеке машыктыруучулары барса жакшы болмок, себеби жеке машыктыруучу өзүнүн окуучусун беш колундай билген инсан болот. Тилекке каршы, кээде өзүңдүн окуучуңдун таймашуусун телевизордон көрүп олтурууга туура келет экен. Бул маселени кийинчерээк Улуттук олимпиада комитети эске алат жана чечет деген ишеничтемин.

Анан да, мени менен сүйлөшпөй туруп, мени билип билбей туруп, мени каралаганга да өтүп кетишиптир. Аларга айтаарым Мунарбек менин окуучум, 2004-жылдан бери машыктырып ушул күнгө жеттик. Парижге кетип жатканда ак батамды берип узаткам. Мени менен сүйлөшпөй туруп мени жаман атты кылган адамдар силерге айтаарым, Жараткан ыйман, ынсап берген болсун!

Биздин бокс федерациябыз да акыркы жылдары алгылыктуу иштерди кылууда. Алар колдон келишинче мушкерлерге жардамын берип жатышат аларга да рахмат», — деп жазды ал.

Количество просмотров: 387