Журналист Шайырбек Абрахманов фейзбуктагы баракчасына «Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич! Мунарбек Сейитбек уулунун өзүнүн тренери Бегенас Султанбаевди Парижге жеткириңиздер, өтүнөбүз!» деп жазды.
Фейзбук колдонуучулар аны улай «8 жашынан бери машыктырган тренери таймаш учурунда мушкерибиздин жанында болсун. Тренери спортсмен үчүн пайгамбардай колдоочу болуп берет. Машыктыруучу Мунарбектин сырын билет. Үмүтүбүз алтында. Мунарыбызды муңайтпай 8-августка чейин Парижге жеткириңиздер» деген өтүнүчтөрүн социалдык тармактарда жарыялашууда.

Машыктыруучусу Беганс Султанбаев “Бир спортчуга — бир машыктыруучу дешкенинен, башкы машыктыруучубуз кеткен. Башкы машыктыруучу Данияр өзү жалгыз баргандыктан, өзү секундант боло албайт. Жок дегенде эки адам керек. Бири рингге кирип спортчуга суу берип турса, бири сыртта капаны (тиш кап) жууп берет. Өзбекстандык машыктыруучу жардам берип, коштоп чыгып жатат. Ага чоң рахмат. Бирок өзүнүн жеке машыктыруучусу ошол жерде турса жакшы болмок ” — деген эле.