Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.
Мунира Юсуфзада, буга чейин президенттик администраициянын саясий-социалдык маселелер боюнча концеляриясынын маданий программаларын координациялоо боюнча директору кызматын аркалаган. Эми ал, Ооганстандын коргоо министринин орун басары болуп дайындалды. Эл аралык маалымат булактарына таянсак министрлик Юсуфзаданын окуу иштери боюнча орун басар болуп дайындалганы тастыктады.
Белгилүү болгондой, буга чейин ал Кабулдун губернаторунун орун басары жана башка жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеген.
Юсуфзаанын дайындалганы туурасында маалымат ишемби күнү кечинде пайда болуп, эл арасында чоң талкууну жаратты. Өзгөчө социалдык тармактарды.
Өлкө башчысынын басма-сөз катчысы Хуссейн Муртазави, Коргоо министринин орун басарлыгына биринчи жолу айымдын дайындалып жатышындагы коомчулуктын сып пикирине жооп берип жатып, ички иштер министиринин орун басары Хусан Джалил дайындалганда да ушундай сындар болгонун эске салды.
Ошондой эле Хуссейн Муртазави, өз сөзундө дүйнө жүзүндө айымдар коргоо жана коопсуздук тармагына жетекчилик кызматтарда иштеп эле келишет. Ооган аялдары да учурда мекемелерде ийгилик жаратып иштеп жатышканын айтты.