• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

“Мурас” мелдешинде үчүнчү орунду “Алга” командасы ээледи

5 Бугу 202215:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдешинин үчүнчү орунун “Алга” командасы ээледи.

Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.

Үчүнчү орун үчүн «Алга” менен “Ыйман” командалары ат салышты. Оюндун негизги бөлүгү 1:1 эсебинде аяктагандыктан пенальти сериясы орун алды. Анда «Алга” атаандашын 2:0 эсебинде утту.

Бул ирет чемпиондук наам үчүн ар тармактын кызматкерлеринен турган 12 команда күрөштү.

Количество просмотров: 131