• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” турнири өтөт

13 Бештин айы 202410:53 Бишкек Govori.TV

 Үстүбүздөгү жылдын 14-15-декабрь күндөрү Бишкекте футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, турнирге ар тармактардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалар катышары күтүлүүдө. Достук мелдеши «Газпром» спорт комплексинде өтөт.

Маалыматка ылайык, быйыл турнирге 16 команда катышат.

Алар: «Президенттин командасы», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден-соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт чеберлери», «Журналистер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес», «Ноокат».
Бул ирет республикалык масштабда ойнотулган «Мурас-Аймак» мелдешинин жеңүүчүсү Оштун «Ноокат» командасы «Мурас» турнирине жолдомо алып кошулду.

Количество просмотров: 176