Мурас-Ордо конушунда жаңы сквер курулат. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына караганда, тендерди Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган. Пландалган сумма – 48 млн 515 миң 625 сом.
Мындан мурда «Бишкекбашкыархитектура» Мурас-Орто 19 көчөсүндөгү сквердин жалпы аянты 1,12 гектарды түзөрүн маалымдаган.