• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Муратбек Бегалиев опера жана балет театрына директор болду

7 Аяк оона 202419:09 Бишкек Govori.TV

Муратбек Бегалиев Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору болуп дайындалды. Мындай буйрукка Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган театрдын буга чейинки директору Алмазбек Истамбаев болгон. Ал 2023-жылы УКМК кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган.

Ал эми Муратбек Бегалиев ушул кезге чейин Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп иштеп келген.

Количество просмотров: 122