• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Муратбек Тунгышбаевдин апасы президентке кайрылуу жасады (видео)

20 Кулжа 2018 13:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.06.2018. Govori.TV
Бүгүн 20-июнда  казакстандык блогер Муратбек Тунгышбаевдин апасы Бакытбола Тунгышбаева Бишкекте президенттик аппараттын алдында президентке кайрылуу жасады.
«Баламды Казакстанга өткөрүп бербөөнү суранам балам эч кандай кылмыш кылган эмес. Кыргызстандын мыйзамына ылайык бийликти сынга алуу кылмыш болуп эсептелинбейт. Ал 4 жылдан бери саясий башпаанек сурап Кыргызстанда жашайт. Баламдын ишине кийлигишип сактап калууңузду өтүнөм» -дейт апасы Тунгышбаева.
Белгилей кетсек, Бишкекте жашап жүргөн казакстандык блогер Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана Тунгышбаевди өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.

 

Количество просмотров: 25