• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мурда соттолгон жаран унаа урдоого шектелип кармалды

8 Тогуздун айы 2022 9:43 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында унааны уурдоого шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-октябрда Ош шаардык милициясына 53 жаштагы С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адамдар саат 23:00дөр чамасында Ленин атындагы мектептин жанында токтоп турган Chevrolet Lanos унаасын уурдап кеткени жазылган.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 211-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу”) боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-чаралар жүрүшүндө Кара-Суу районунда уурдалган унааны сатуу учурунда мурда соттолгон (уурулук боюнча) 32 жаштагы Б.И. аттуу жаран кармалган. Жеке текшерүү учурунда шектүүнүн чөнтөгүнөн жогоруда көрсөтүлгөн унаанын ачкычы жана сатууга алдын ала алынган 10 миң сом табылган.

Шектүү Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 187