• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева Аскер прокуратурасына сурак берди

3 Кулжа 2021 18:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева Аскер прокуратурасынан сурактан чыкты. Маалыматты Жолдошева Govori.TVга тастыктады.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, «Кумтөр» маселеси боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Мага бир гана суроо берилди. Эмне үчүн 2012-жылы Жогорку Кеңештин комиссиясынын токтом долбооруна «макул» деген добуш бергенимди сурашты. Жооп берүүдөн мурун эч ким депутатты сүйлөгөн сөзү үчүн же добуш бергени боюнча жоопкерчиликке тартууга укугу жок экенин айттым. Эмне үчүн «макул» деп добуш бергем? Себеби токтом долбоору элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгын коргойт болчу», — деди Жолдошева.

Количество просмотров: 478