• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жылдыз Жолдошева: Жапаровдун айткандарына ишенип шайлоого аттанганбыз

1 Бештин айы 2021 15:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-декабрда БШКда шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп жатат.

Маалым болгондой, жыйын жарандык көзөмөл комитетинин демилгеси менен өтүүдө. 100дөн ашык адам чогулган БШКнын жыйындар залында «Азаттык» партиясынын талапкери Жылдызкан Жолдошева кайра шайлоо өткөрүү керектигин айтты.

«Садыр Жапаровдун «таза шайлоо өткөрөбүз» деген сөзүнөн кийин биз дагы ишенүү менен шайлоого аттанганбыз. Нуржан Карманбековна, сиз президентти ыңгайсыз абалда калтырдыңыз. Мына ушундан кийин БШКНнын төрайымы болууга акыңыз барбы? Элдин ишеними өлдү. Шайлоо мамлекет менен элдин тагдырын чече турган нерсе. Сиз кечирим сурап койсоңуз эле баары ордуна келип калбайт. Бул шайлоонун жыйынтыгы стабилдүүлүктү кармай албай турган жагдайга алып келди. Кайра шайлоо өткөрүү керек», — дейт Жолдошева.

Ал эми БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуштарды саноодо бурмалаоо болбогонун белгиледи.

«Бурмалоо болбогонун тастыктап берүүгө даярбыз», — деди Шайлдабекова.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышты. Буга чейин БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алганы маалымдалган. Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар чогулткан добуштар 150 пайыздан ашып кеткен. Андан кийин БШКнын серверинде маалымат кабыл алуу бир канча убакытка токтоп калып (сбой), кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгы мекеменин сайтында онлайн көрсөтүлүп жаткан учурдагы үзгүлтүккө учуроо тууралуу комментарий берип, негизги системада үзгүлтүк болбогонун, эч кандай зыян келбегенин айткан. Мындан улам айрым партиялар нааразы болуп, добуштар уурдалганын айтып чыгышкан.

Бул арада Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Анда шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган партиялар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, аны кайра өткөрүү талабын коюшту.

Количество просмотров: 1641