• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жолдошева: Кимиси болбосун президенттик тактыга жеткенде «монстрга» айланат экен

25 Жетинин айы 2022 14:19 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен бүгүн, 25-ноябрда Элдик Курултай өтүп жатат.

Анда өлкөнүн булуң-бурчунан келген делегаттар орчундуу көйгөйлөрдү айтууда. Алардын бири мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева өлкө парламенттик башкарууга кайтышы керектигин айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө дагы кимиси болбосун президенттик тактыга жеткенде «монстрга» айланат экен. Ошол себептүү биздин өлкө парламенттик башкарууга өтүшү зарыл. Садыр Нуркожоевич, бул маселеге кайтып келишибиз керек. Анткени сизден кийин кандай адам келет? Өлкөнү каякка алпы барат?»,-деди Жолдошева.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча Биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Количество просмотров: 514