• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Мурдагы президент Атамбаевге жаңы айып тагылды

15 Аяк оона 2021 13:37 Бишкек Govori.TV

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге 2020-жылы 5-6-октябрда жана 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтында массалык башаламандыктарды уюштурган жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген айыптар тагылды. Жактоочунун айтымында ага аталган кылмыштарга шектелип жаткандыгы тууралуу билдирме берилди.

Жактоочу кошумчалагандай, тергөө иштери аяктагандыгы айтылды жана материалдар таанышуу үчүн берилди. Андан соң иш прокурорлор аркылуу сотко өткөрүлөт.

Эске салсак, Атамбаев Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотууга жана 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуяларына айыпталып, камакка алынган.

2020-жылдын 5-6-октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого каршы митингдер өткөрүлүп, тополоң чыккан. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аргасыз болгон. Ал арада соттолгон бир нече саясатчылар колониялардан бошотулган. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев да бар болчу.

9-октябрда Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече саясатчылар тарапташтары менен митинг уюштурушкан. Анда Садыр Жапаровдун тарапташтары менен мурдагы президенттин тарапкерлеринин ортосунда жаңжал чыккан. Көп өтпөй Атамбаев кайрадан камакка алынган.

Количество просмотров: 2175