• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков добуш берүүгө барды

11 Чын куран 2021 13:52 Бишкек Govori.TV

Мурдагы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде Бишкектеги №1327 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору үчүн референдумга добушун берди.

Сооронбай Жээнбеков кимге добуш бергендигин ачык айткан эмес.

“Шайлоо күнүндө үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Ар бир жаран кимге добуш бергенин купуя сыр катары сактоого укуктуу. Негизгиси жарандык милдетимди аткардым», — деп билдирген ал.

Кыргызстанда бүгүн, 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шайлоо менен кошо президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Количество просмотров: 60