• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мурдагы спикерлерге артыкчылык берүү сунушталууда

20 Жалган куран 2024 12:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы спикерлерине «экс-төрага» статусун ыйгарып, депутаттардыкындай артыкчылыктарды берүү сунушталды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Долбоорду Нуржигит Кадырбеков менен Замирбек Мамасадыков демилгелеген. Алардын пикиринде, долбоор парламенттин спикери кызматынын деңгээлин жогорулатат.

Документте экс-төрага менен анын жубайына дипломатиялык паспорт берүү, акысыз медициналык кызматтарды алуу жана аэропорттордун, темир жолдордун VIP-залдарын акысыз колдонуу укугу каралган.

Количество просмотров: 129