• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Аңчылыкка мораторий киргизүү сунушталууда

5 Тогуздун айы 2018 16:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.10.2018.Govori.TV.

Кыргызстанда аңчылыкка чек коюп, жапайы жаныбарларды атууга 10 жылдык мораторий киргизүүнү караган мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев «Парламент» радиосу менен болгон маегинде билдирди.

Эл өкүлү Кыргызстанда илбирстер кескин азайып кеткенин белгиледи.

«Илбирстин акыркы эсептеги саны 200гө жетип-жетпейт, — деди Байбакпаев. — Илбирске жем боло турган жаныбарларды да коргоо зарыл. Эгер бул жагына маани берилбесе, өз алдынча мергенчилик кылгандар тоо текелерди, бугу-маралдарды, камандарды атып, өз кызыкчылыктарына пайдаланып жатышат. «Каражат түшөт» деп эле алардын кырылышына жол бергенибиз туура эмес. Валюталык мергенчиликке чектөө коюлуп, аларды атууга кеминде 10 жылдык мораторий киргизилиши зарыл», -деди депутат.

Эл өкүлүнүн маалыматына караганда, азыр Кыргызстан менен Тажикстанда гана мергенчиликке оңой-олтоң уруксат берилет.

Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча департаменттин директору Алмаз Мусаевдин айтымында, тоо текелерди атууга уруксат 700 миң сомго көтүрүлүп жатат. Мурда ал 450 миң сом болчу. Ал эми тоо текелерге мергенчилик кылууга уруксат алуунун баасы өзүнчө каралган. Ал 70 миң сомдон 100 миң сомго көтөрүлөт. Кызыл китепке кирген жаныбарлардын терилерин колдонууга да тыюу салынат.

Количество просмотров: 24