• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жолдордон акы алуу сунушталууда

31 Тогуздун айы 2018 8:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.10.2018. Govori.TV
Транспорт жана жол министрлиги Кыргызстандын аймагындагы чоң жолдордо жүрүүгө акы алуу максатында төлөмдөрдүн эсебин чыгарып, долбоорду парламентке сунуштаганы жатат.
Транспорт жана жол министрлиги өкмөт 2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүү токтомунун негизинде жана жаңы салынган автоунаа жолдорунун сапатын сактап калуу максатында жолдон акы алуу демилгесин көтөргөнүн билдирди.
Аталган мекеменин кеңешчилер тобунун жетекчиси Нурлан Кайынбаевдин айтымында, учурда кайсы жолдорго жана автоунаанын кандай түрлөрүнө акы алынышы керектиги тууралуу нормалар каралууда.
«Мисалы, төрт чийиндүү же андан көп кенен жолдордон өткөн бардык автоунаалардан акы алынышы керек деп сунуштап атабыз. Ал эми Бишкек-Ош сыяктуу эки чийиндүү жолдорго оор жүк ташуучу автоунаалар гана төлөшү керек деп сунуш киргиздик. Азыр тарифтер министрликте талкууланып жатат. Болжолдуу баалары жеңил автоунаалар ар бир чакырымга 60 тыйындын айланасында, ал эми оор жүк ташуучу автоунаалар категориясына жараша эки сомдон он сомго чейин деп эсептелип жатат», — деди ал.
Учурда бул мыйзам долбоору даярдалып жатат. Жакынкы күндөрү коомчулуктун талкуусуна коюлат. Андан соң парламентке жиберилет. Эгер бул демилге эл өкүлдөрүнөн колдоо тапса, жарым жылда ишке ашып калышы мүмкүн.

Булак: 24kg. маалымат агенттиги

Количество просмотров: 17