Ош шаарында мурунку күйөөсү аялынын жумушуна келип, аны сабап, муунткан. Бул тууралуу Ош ОИИБнен билдирди.
Эркек 4 жыл мурун ажырашып кеткен аялынын жумушуна келип, тепкилеп, муунтуп баштаган. Кесиптештери аны ажырата албай кыйналышкан. Социалдык тармактын колдонуучулары аял ашканада иштерин жана төрт баласы бар дешүүдө. Күйөөсү аны 16 жашында эле ала качып кетип, тынымсыз сабап, кемсинтип келген. Ажырашкандан кийин куугунтук токтобой, кол салуу жана башка кесепеттер болгон деп социалдык тармактарда жазышууда.
Милициянын маалыматына ылайык, 3-сентябрда 36 жаштагы жаран 32 жаштагы мурунку аялынын жумушуна келип, аны сабаган. Уруш күйөөсүнүн аялынан балдардын документин сурагандан чыккан. Куруучулар тамактануучу жайдын жанында аялдын ур-токмокко алынганын көрүп, ажыратышкан.
Учурда жабырлануучу ооруканада. Күйөөсү дагы аялына кол көтөргөндө ажыраткандар сабады деп арызданып, ооруканага жатып алган.
Учурда Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан иликтөө жүрүп жатат. Аялга коргоо ордери берилген. Эки тарапка тең жарааттын оордугун аныктоо боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалды.