• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Мусакеев бүгүн камалабы?

16 Бугу 201917:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тогузунчу башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев Аскер прокуратурасына сурак берүү үчүн кайрадан чакырылды. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Буга чейин Дамир Мусакеев кечээ, 15-май күнү суракка Аскер прокуратурасы тарабынан чакырылган.

Эске салсак, 8-майда Башкы прокуратура Интернетте “Мусакеевдин байлыгы” деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген.

Количество просмотров: 14