• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Мушкер Мунарбектин машыктыруучусунун күйөрмандык кылган видеосу көзгө жаш алдырды

4 Баш оона 202414:11 Бишкек Govori.TV

Кечээ жарым финалга чыккан Мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин «Балам, азаматсың!» -деп ага күйөрмандык кылып жаткан видеосу социалдык тармакка тарады. Айрымдар чын дилинен шакиртине күйүп-бышып жаткан машыктыруучусунун видесун көрүп, көзүнө жаш алганын айтышса, мына ушундай жеке машыктыруучусу эмнеге Мунарбектин жанында болгон эмес деген наарызычылык кептер да айтылууда.

Мунарбек алтын алат эле, өлкө намысын коргойт эле. Эмнеге дем, күч бере турган машыктыруучусу барган эмес. Олимпиада комитетинде дагы алешемдиктер бар окшойт деген пикирлер да бар.

Кыскасы, социалдык тармакта «Шумкарыбызды табына келтирүү үчүн 20 жылга чукул убактысын арнаган тренери «кыл чайнашкан» дүйнөлүк маанилүү мелдеште чогуу боло албай калганы, түшүнгөн адам үчүн айтып бүткүс арман.

Мунарбек Сейитбек уулунун кийинки ийгилиги үчүн, машыктыруучусу Беганас Султанбаев, жанында болуп, кеп-кеңешин айтып турганы абдан маанилүү.

Андыктан, эл жакшылары аталган маселеге көңүл буруусу абзел» деген пикирлер арбын айтылууда.

Количество просмотров: 210