• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мушташып жаткан кичине балдарды бөлүштүргөн кызга эркек киши кол салган

26 Теке 2022 23:23 Бишкек Govori.TV

“Ала-Арча” соода борборундагы балдар аянтчасында мушташкан балдарды бөлүп жаткан кызга эркек киши кол салган. Маалыматка ылайык, ага чейин ал киши балдардын кантип мушташып жатканын көрүп, кээде аларды бири-бирине кайраштырып коюп жаткан.

Бул тууралуу маалыматты Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты. Окуя 2022-жылдын 14-июлунда болгон: А.Ч белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

Жабырлануучунун айтымында, ал ошол күнү соода борборлорунун биринин балдар аянтчасында болгон. Ал эми саат 18:10дор чамасында ал мушташкан балдарды бөлүп жаткан учурда белгисиз адам адепсиз сөздөрдү айтып, анын денесине залал келтирген.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда, учурда адамды издөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 847